• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эдил Байсалов окуучулар аралашкан митинг тууралуу үн катты

18 Чын куран 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыкканы боюнча пикирин «Govori.TV»га билдирди.

Байсалов аталган мектептин эмгек жамаатын толук бойдон кызматтан кетиргенин билдирди.

«Бул албетте чоң ЧП. Толугу менен 100 пайыз, туура маселе коюлуп жатса дагы, жанагы балдарыбызды пайдаланып, ошол мугалимдердин жамааты үчкө бөлүндү дейт,төрткө бөлүндү дейт. Бирок, кандай күн болгондо дагы, биз мектепти, өзгөчө балдарыбызды арзан куралга айлантууга жол бербейбиз. Ошондуктан чечим кабыл алынды. Мугалимдердин жамааты 100 пайыз толугу менен жумуштан бошотулду».-деди Байсалов.

Мындан сырткары Байсалов буга чейин ал мектепте эмгектенген окутуучуларды жумуш менен камсыз кылуу пландалып жатканын кошумчалады.

«Биз мурун ойлоп жатканбыз. Бирок, мындан кийин мугалимдердин жамаатын толугу менен узаттык. Алар толугу менен кече күнү жумуштан алынышты»,-дейт Байсалов.

Ошондой эле бул башаламандыкты уюштургандарды тийиштүү органдарга бергенин айтты.

Бул жагдайда окуучулардын пикири да сыйланаарын, анткен менен ата-эне гана пикир айта алаарын кошумчалаган Байсалов, окуучуларды пайдалангандар жазаланышы керектигин кошумчалады.

Количество просмотров: 180