• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Окуучулар менен мугалимдердин митинги. Бишкек мэриясы окуя боюнча маалымат берди

17 Чын куран 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясы борбордогу №1 гимназия-интернатынын айланасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, №1 мектеп-интернатынын ишмердүүлүгү боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тамак-ашты уюштурууда одоно мыйзам бузуулар, кадрдык жана уюштуруу иштерине бирдиктүү мамиле жок экендиги аныкталган.

«Комиссия мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүндө орун алган мыйзам бузуулар боюнча педагогикалык жамааттын, Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде түзүлдү. Мектеп-интернаттарда балдардын жашоосу жана окутуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан колдоонун бирдиктүү формасын түзүү жана мыкты шарттарды түзүү максатында №1 мектеп-интернатын №71 Тоголок-Молдо атындагы жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатына кошуу жолу менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынды («Тоголок-Молдо атындагы Бишкек шаардык мектеп-комплекси»).

Учурда №1 БГИнин мугалимдери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Бишкек шаарындагы мектептерде кызматкерлердин жашаган жери же башка каалоосу, ээлеген кызматы эске алынып, башка жумуш сунушталууда», — де айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, мурдагы директор Матканова Н.С. бир нече жолу одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн КР Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык кызматынан бошотулганына карабай, иш кагаздарын, ошондой эле иш бөлмөсүн тапшыруудан баш тартып, директордун милдетин аткаруучунун ишине кийлигишип келген.

«Буга чейин шаардык кызматтар тарабынан №1 гимназия-интернатынын аймагындагы муниципалдык эки кабаттуу жайды өзүм билемдик менен басып алган адамдарды (мурдагы жетекчилик) көчүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп кошумчалашты мэриядан.

Буга чейин Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышканы кабарланып, нааразычылык акциясынын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Мугалимдердин айтымында, билим берүү мекемесинин мугалимдер жамаатына жаңы келген директору тарабынан кысым болууда.

Количество просмотров: 139