Кеминде белгисиз бирөөлөр православ чиркөөсүнүн жана айрым тургундардын үйүнүн терезелерин сындырып кетишкен. Эдил Байсалов мына ушул жагдай боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Аталган иш-чарага укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.
Жыйындын жүрүшүндө чиркөөнүн жана жергиликтүү тургундардын үйлөрүнүн терезелери сынган фактылар талкууланды. Мындай окуяларды иликтөө жана алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти.

Эдил Байсалов улуттар аралык тынчтыкты сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди күчөтүүнү, орус коомчулугуна жана православ чиркөөсүнө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө мындан аркы иш-аракеттер боюнча тапшырмалар берилди.