• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген эки чокуга чыгууну пландап жатат

18 Жалган куран 202516:09 Бишкек Govori.TV

Альпинист Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген эки чокуга чыгууну пландап жатат.

Эдуард Кубатов алгач Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна I чокусуна чыгууга камданууда. Андан соң дүйнө жүзүндө бийиктиги боюнча Эвересттен кийинки экинчи орунда турган Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусуна чыгат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов былтыр Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда ал Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң кары адам болуп калды.

Кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун үч жыл мурда багындырган. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыккан болчу.

Количество просмотров: 255