• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Eduviso немис компаниясынын Ош шаарынын врачтары үчүн жардамы

23 Теке 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

EDUVISO Германия EDUVISO Кыргызстан жана TES Ош мейманканасы менен кызматташтыкта Ош шаарында коронавируска каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтөт. Ушуга байланыштуу TES мейманканасы Ош шаардык ооруканасынын доктурлары жана медайымдары үчүн алардын эс алуусуна жана карантин өтүшүнө бир нече кун мурда өз эшигин ачты. Колдоо адегенде бир айга көрсөтүлөт.

Учурда 17 медициналык адистер күндүзгү стационарга, эс алып, тактанып келип турушат, анткени мейманкана Ош шаардык оорукананын жанында жайгашкан. Дагы 10 кишини обсервацияга алышты. Азыркы убакытта врачтар жана медайымдар эки жума бою иштешет, андан кийин ошончо убакыт карантинден өтүшөт.

Германия EDUVISOнун башкы директору Торстен Свобода мындай дейт:

«Биз Кыргызстандын элине ушундай кыйын учурда кандай жардам бере алабыз деп көпкө ойлондук. Азыркы учурда Германиядан Кыргызстанга приборлорду жана дары-дармек жеткирүү абдан татаал. Тилекке каршы биз компания катары немис врачтарын да авиакатышуулардын жабылганы үчүн Кыргызстанга тез жөнөтө албайбыз. Врачтар менен медайымдарга жакшы шарттарда түнөк берүү мүмкүнчүлүгүн уюштуруу менен биз чарчап-чаалыккан врачтар жана медайымдар карантин (обсервация). учурунда өз ден соолугунун камын көрүп, калыбына келүүсүнө өз салымыбызды кошо алабыз. Бул алардын убактысын жана акча каражатын үнөмдөйт, врачтардын жана медайымдардын иштөөсүнүн оперативдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна өбөлгө болот. Биз врачтардын өз үй- бүлөсүнөн алыста обсервациядан өтүшү үчүн шарттарды камсыз кылуу абдан маанилүү экендигин түшүнөбүз»

EDUVISO Германиянын стандарттарга ылайык жаш адистерди даярдоого шарт түзөт. Ош шаарындагы TES мейманканасы негизинен «Памир турнеси» боюнча багыт алышкан чет өлкөлүк саякатчылар үчүн жөнөп кетүүчү жер болуп саналат.

Количество просмотров: 143