• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Кыргызстанга келди

25 Баш оона 20229:14 Бишкек Govori.TV

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегация Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мясникович 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Анда бир катар эки жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулары күтүлүүдө. 

Мындан тышкары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Жаш активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттардын башын бириктирген форум биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Количество просмотров: 95