• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эгемендүүлүк күнүнө карата салют атылбайт. Мэрия себебин атады

29 Баш оона 202212:22 Бишкек Govori.TV

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынган.

«Көз ирмемдик шоу көп акчаны талап кылат жана фейерверктен баш тартуу муниципалдык бюджетти үнөмдөйт»,-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, үнөмдөлгөн каражат максаттуу иштерге жумшалмакчы.

Количество просмотров: 185