• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мэрия ыш каптаган Бишкекте 755 миң сомго салют аттырат

21 Бештин айы 202213:46 Бишкек Govori.TV

Жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

«Азыр борбор калаанын мэриясы 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык фейерверк быйыл биринчи жолу эмес, буга чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө да түстүү фейерверк аттырылган.

Количество просмотров: 251