• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК кызматкерлери кармалды. Экоактивисттер Бишкек мэриясына кайрылуу жолдошту

23 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

УКМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

«Кармалгандар – УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Керемет Банктын» төрагасынын орун басары камалганы белгилүү болгон.

Прокуратура ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

ЖАРАН ҮЙҮНДӨ БАҢГИЗАТ САКТАП ЖҮРГӨН

Таласта өзүнүн үйүндө 4 кг баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын тургуну “Р” аттуу адам баңгизат сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшүп, анын үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү учурунда 1976-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандын үйүнүн кампасынан 4 кг 145 грамм кургатылган каннабис табылган.

Аталган факты Талас облустук милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган Т.Р. облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ЭКОАКТИВИСТТЕР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК САЛЮТКА КАРШЫ

Экологиялык активисттер Бишкек мэриясын жаңы жылдык фейерверкти токтотууга чакырышууда. Бул тууралуу маалымат MoveGreen уюмунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Активисттер мэрия жаңы жыл түнү калааны каптаган кара түтүнгө карабай, фейерверк аттырууну каалап жатканын белгилешүүдө. Алар ошондой эле жарандарды мындай идеядан баш тартууга чакырышкан.

Эске салсак, мэрия буга чейин жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен жыйынтыктала турганын кабарлап, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралганын билдирген.

Количество просмотров: 436