• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эгемендүүлүк күнүндө өлкөдө 40 чакты иш-чара өтөт

4 Баш оона 2021 13:24 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш. Бул туурасында Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов юбилейлик датаны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Жоопкер мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары белгилүү датага карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Белгиленгендей, бүтүндөй республика боюнча 40 ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган. 

Борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, «Манас» эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Юбилейлик датаны майрамдоого арналган иш-чаралар коомдук коопсуздуктун камсыздалышын жана эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өтүүсү тийиш. Баткен облусундагы турак-жайларды, социалдык жана аскер объектилеринин курулушун жыйынтыктоого артыкчылыктуу маани берилиши кажет», — деди ал.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга, анын ичинде майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана Баткен облусундагы курулуш иштерин тездетүүгө финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 275