Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленет. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышат.
Салтанаттын алкагында «Сулайман тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.
Ош улуттук драма театрында «Ош — достук шаары» фестивалы болот. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт.
Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигин жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.