Египеттин Түштүк Синай провинциясында 14-августка караган түнү Шарм-эль-Шейхтен Каирге багыт алган туристтик автобус кырсыкка учурады.
Провинциянын администрациясынын маалыматы боюнча, ичинде 44 адам болгон автобус жол тосмосуна урунуп, капталына оодарылып кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Натыйжада россиялык турист каза болду. 42 адам жаракат алган, алардын ичинен 39у чет элдиктер — Россия, Украина жана Кыргызстандын жарандары, ошондой эле үч египеттик. Кырсыктын себептери аныкталууда.