• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Екатеринбургдан Ысык-Көлгө биринчи каттам келди

20 Кулжа 20239:45 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда күн мурун Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы бул каттам боюнча жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз каттам аткарууну максат кылууда.

Биринчи каттам менен Екатеринбургдан 82 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн 62 жүргүнчү учуп кетти.

«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Количество просмотров: 107