• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эки айда Ысык-Көлдөн 5 тоннадан ашуун таштанды чыгарылган

31 Бугу 202314:40 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин суучулдары үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, суу астынан 5 тонна 470 кг таштанды терилди.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө 12-мартта башталган.

Количество просмотров: 83