Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбек жана “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Аталган депутаттар алдыдагы парламенттик шайлоого аттанышты.
“БШК КРдин Жогорку Кеңешиндеги «Өнүгүү — Прогресс» парламенттик фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу менен “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун депутаттык ыйгарым укуктарын жазган арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, акыркы айларда парламенттин онго дакын депутаты кийинки чакырылышка ат салышуу үчүн мөөнөтүн аяктабай эле мандатын тапшырышты.