• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Эки достун» азыркы абалы

22 Кулжа 202218:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда журналист Лейла Саралаева мурунку президент абактагы Алмазбек Атамбаевдин абалын ал эми журналист Дайырбек Орунбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун учурда эмне менен алек болуп жатканы тууралуу маалымат жарыялашты.

Алмазбек Атамбаевден маек алган журналист Саралаева мурдагы президент абак кандай күн өткөрүп жатканы тууралуу маалымат берген.

«Алмазбек Шаршеновичтин маанайы жакшы, шайыр. Ал тексттик интервью берүүгө макул болду. Жолугушуу Молдовановка айылындагы №27 колониянын начальнигинин иш бөлмөсүндө өттү. Алмазбек Шаршеновичтин бөлмөсүн видеого тартууга болбой турганын айтышып, бирок көрсөтүштү. Чоң терезелери бар кенен бөлмө. Муздаткычты Раиса Минахмедовна, телевизорду Кадыр менен Темирлан алып бериптир, кондиционери бар. Компьютер же интернет жок. Бирок, 47-колониядагылар белек кылган эки тренажер бар. Кадимки ажаткана, душ кабинасы бар. Кармоо шарттары канааттандырарлык. Жалпысынан жолугушуу позитивдүү толкунда жылуу маанайда өттү. Мен бир аз тынчып калдым, анткени үч жылдан бери Алмазбек Шаршеновичтин кандай жашап жатканын, өзүн кандай сезип жатканын билбей келгенбиз», — деп жазат журналист.

Ал эми Дайыр Орунбеков экс-президент Жээнбеков менен маектешип келген. Анын айтымында, Жээнбеков учурда эмне менен алек болуп жатканы тууралуу баарлашышкан.

«Сооронбай Шарипович мал багуунун сырларын мыкты билет. Бул темада сүйлөшүп отурсаң, чер жазыла, көп пайдалуу маалымат берет. Кесиби боюнча зоотехник экенин баарыбыз эле билебиз. Колхоз-совхоздо көп жыл иштеген, колхоз башкарган. Жалпак тил менен айтканда — колхозник. Бирок, кыргызда “мал багат, кой багат, колхозник” деген сөздөр качантан бери адамды шылдыңдачу мааниге ээ болуп калган?! Ошол мал баккан, кой баккан колхозниктер жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаарына кайыл болуп, жаратылыштын айттырбай келчү кырсыгына жекеме-жеке, бет маңдай чыгып, бир аз киреше тапса жаш баладай сүйүнүп, эмгеги күйүп кетсе, эч кимге догун артпай эле… баарыбызды багып жатышат. Сөз экен деп эле баардык тармак боюнча эркин эксперт боло берүү – эгемен Кыргызстан үчүн адаттагы көрүнүш. Бирок, кой баккандарга текеберленгендер, ичкен суубузга, жеп жаткан ашыбызга түкүрбөйлү.
Депутат акемин Сооронбай Шариповичти “кой бактыруу” демилгеси ырбап отуруп, “экс президент” макамынын тегерегиндеги талкууга өтүп кетиптир», — деген Орунбеков.

Эске салсак, Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. “Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши”, 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук иштери боюнча да айыпталып жатат.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөн соң бийликке анын жакын досу болгон Сооронбай Жээнбеков келген. Бирок, көп өтпөй экоонун мамилеси ыдыраган. Кыргызстандын тарыхындагы 5-президент Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 2020-жылы 16-октябрда мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.

Теги:
Количество просмотров: 151