Ош шаарында «Эки дос» аттуу жаңы конуш пайда болот. Бул тууралуу Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев айтты.
Үйлөрдү курууга 1-июль күнү расмий капсула салынып, старт берилет.
«Кечээ министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев менен жолугуп, силердин компания жөнүндө айттым. Бул конушту «Эки дос» деп атайлы деп айттым. Эки мамлекеттин ортосундагы достук өлкө башчыларынын эмгеги деп ойлойм», — деген Токторбаев.
Шаарчаны Кытайдын «Кунлунь» курулуш компаниясы салат. Жаңы шаарчага 520 үй түшөт. Долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев белгиледи. Мындан сырткары күз айында суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керектигин айткан.