• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров «эки досту» элдештирген. Бишкекте айдоочулар митингге чыгышты

21 Бирдин айы 2023 18:28 Бишкек Govori.TV

“АЖОЛОРДУН” ТАЛКУУГА АЛЫНГАН ЖОЛУГУШУУСУ

Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек курду. Ал мурдакы президенттерди Дубайга чогултардан мурда Бишкекте «Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештиргенин» билдирген. Ошондой эле Дубайдагы жолугушууга келген мурдагы президенттерге ал жерге башка да мурдагы президенттер келээри тууралуу алдын ала эскертилбегенин ырастады.

«Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле» деди президент.

Садыр Жапаров аларды чогултуу максаты «ынтымакка алып келүү» болгонун, жолугушууда муну баары кубатташканын, жолугушуу 4 саатка жакын созулганын айтты. Ошондой эле ал коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берип, «Бакиевге соттун чечими бар экенин, келсе камакта олтурушу керектигин» белгиледи.

Эске салсак, 18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн бардым деп түшүндүргөн. Социалдык түйүндөргө комментарий жазгандар мурдагы президенттер арасынан Бакиев гана өлкөгө келе албай жүргөнүн, Дубайдагы жолугушуудан кийин ага жол ачылышы ыктымал экенин белгилешкен. Буга чейин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу тууралуу билдирүү тараткан. Атамбаев «Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу — эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм», — деп жазган.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет деп билдирген эле. 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болгон. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган митингдер өтүп, натыйжада 90дой адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келет.

ЖАПАРОВ НАРЫНГА БАРДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты. Ошондой эле президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  жыйынына катышты.

17-февралдан тарта Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 млрд сом бөлүнгөн жана ал Нарын облусуна дагы берилет.

КУТКАРУУЧУЛАР МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛИШТИ

Түркияга барган куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти. Ар бир жарандын жүзүнөн куткаруучуларга болгон ыраазычылык, урматтоо байкалып турду. Түрктөр ыраазычылык айткан Куткаруучулар керек болсо өз өмүрүн тобокелге салып, кызмат кылганын айтышты. Жардам көрсөтүү ишинде керек болсо иттердин да пайдасы чоң болгон. Кыргыз-түрк элинин боордош экендигин ушул жагдай ачык көрсөттү.

ТҮРКИЯДА КАЙРАДАН ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Акыркы маалыматтар боюнча 20-февралдагы жер силкинүүдө Түркияда алты киши мерт болду. Сирияда үч киши өлгөнү айтылууда. Эки өлкөдө кеминде 800 адам жабыркады. Дүйшөмбү күнү Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиздер чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталган.

Түрк бийлиги маалымдагандай, урандылардын алдында кишилер болушу мүмкүн. Куткаруу иштери уланууда. Жер титирөө Египет, Ливан жана Иорданияда да сезилди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда.

Кошумчалай кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Кыргызстандын Каржы министрлиги тарабынан атайы эсеп ачылган. 21-февралга карата эсепке 55 млн 757 миң 825 сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

АЙДООЧУЛАР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 21-февралда такси кызматынын айдоочулары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталып жаткан оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип жатышат.

Количество просмотров: 561