• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки күндө Санкт-Петербургдан 312 кыргызстандык келди

16 Бугу 202014:03 Бишкек Govori.TV

Эки күн ичинде Россиянын Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

“14-майда “Авиа Траффик” компаниясынын учагы Санкт-Петербург — Бишкек чартердик каттамын аткарып, 156 жаранды мекенине алып келди. Эртеси күнү ушул эле маршрут менен “Тез Жет” компаниясынын учагы дагы 156 кишини Кыргызстанга жеткирди”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 129