• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки кыргызстандык жаран Россияда 4-кабаттан учуп кетишкен

15 Тогуздун айы 202413:48 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ленинград облусунун Тосно шаарында Кыргызстандын эки жараны 4-кабаттын терезесинен кулап кеткенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя 13-октябрга караган түнү Ленин проспектисинде жайгашкан беш кабаттуу үйдө болгон. Эртең менен үйдүн терезесинин астынан 26 жана 24 жаштагы кыргызстандык эки эркек киши табылган. Алардын баш сөөгү сынып, белинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Текшерүүдөн кийин 24 жаштагы жаран амбулатордук дарыланууга үйүнө жөнөтүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар 60 жаштагы кошунасы менен мас абалында отурушуп, натыйжада аны менен уруша кетишкен. Кошунасынын колунда бычак болгон.

60 жаштагы жаран шектүү катары кармалды.

Количество просмотров: 363