• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эки окуучу электр тогуна урунуп каза тапты

27 Бугу 2019 10:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Наманган облусунун Пап районунда 11-класстын эки окуучусу электр тогуна урунуп каза каза болду.

Маалыматка ылайык, эки окуучу мектептен чыгып, үйлөрүнө жөнөшкөн. Жолдо алар кафеге кирип, балмуздак алууну чечишкен. Бул убакытта кафе кызматкерлери балмуздак жасай турган аппараттагы токту жерге киргизүү үчүн анын эки зымын алып чыгып, арыкты бойлогон тосмого илип коюшкан. Балдардын бири арыкка колун жууйм деп, бир колу менен тосмону кармап, экинчи колун сууга салган. Ошол маалда аны ток тартып, арыкка кулаган. Классташы эмне болгонун түшүнбөй, арыкка түшүп, досун алып чыгам деген маалда аны дагы ток урган.

Окуя сабактан кийин болгондугун мектеп директору билдирген. Анын айтымында, окуучулар ооруканага жетпей каза тапкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп, балдардын сөөгү соттук –медициналык экспертизага жөнөтүлгөнү айтылды.

Количество просмотров: 3