• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эки полиция капитаны 14 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалды

12 Бештин айы 2023 13:49 Бишкек Govori.TV

Алматыда эки полиция капитаны 14 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалды. Маалыматты 11-декабрда Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов тастыктады.

«Тилекке каршы, ушунай окуя болду. Полициячылар ушундай кылмыш жасашкан. Дароо тартип комиссиясы түзүлүп, бул адамдар жумуштан бошотулду. Кылмыш ишинин алкагында алар камалды», – деди Ержан Саденов.

Министрдин айтымында, полициячылар «бул кылмышты кызмат учурунда жасашкан».

Буга чейин NEMolchi.kz фондунун жетекчиси Дина Тансари эки полиция кызматкери 14 жаштагы кызды зордуктаганын айтып, министрликтен маалымат сураган. Окуя Конаев шаарында болгон. Тансаринин айтымында, шектүүлөрдүн бири – жашы жете электердин иши боюнча инспектор, экинчиси – полициянын имараттарды күзөтүү боюнча кызматкери.

Ноябрь айында Талдыкорган шаарынын полиция башчысы Марат Куштыбаев 27 жаштагы аялды зордуктоого шектелип, эки айга камакка алынган.

Количество просмотров: 1119