• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эки жыл камакта жаткан Текебаевдин багы ачылдыбы?

21 Баш оона 2019 21:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

https://www.youtube.com/watch?v=TGPSBlPiyoM&t=2s

Бүгүн, 21-августта Жогорку соттун коллегиясы “Ата Мекен” партиясынын мурунку лидери, Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан негизинде карап чыгуу чечимин чыгарды.Алардын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат.

Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев экс-депутат Асия Сасыкбаева катышты.Соттун сыртына Текебаевди жана Чотоновду колдоп тарапташтары дагы келишкен.

«Бүгүнкү чечим чындыгында мыйзамдуу жана негиздүү болду. Бүгүн баардык далилдерди топтоп биз соттук отурумга алып келдик. Жогорку сот ага баа берип,мурдагы мыйзамсыз өкүмдөр жокко чыгарылды»,-деди Т.Токтакунова.

Эске салсак, “Ата Мекен” партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде “коррупция” беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Количество просмотров: 21