• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Экинчи күн катары менен СOVID-19дун жаңы учуру катталган жок

5 Чын куран 2022 9:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 4-апрелде да өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 91 бейтап, амбулатордук түрдө 41 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 257 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 66