• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ЕККУ журналист Алканова боюнча үн катты

15 Бирдин айы 2018 15:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун расмий өкүлү Арлем Дезир Кыргызстан бийлигине журналист Элнура Алкановага карата козголгон кылмыш иши тууралуу кайрылды.

«Мен кыргыз бийлигине жолдогон катымда журналист-фрилансер Элнура Алканова боюнча маселе көтөрдүм. Журналисттик иликтөө-сөз эркиндигинин өзөгү. Журналисттер куугунтукка алынбай, эркин иштеш керек»,-деп жазган твиттерине.
13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага «коммерциялык сыр камтылган маалыматты мыйзамсыз алып жарыялаган» деп кылмыш ишин козгоп, айыбын угузду. Журналист тагылган айыпты четке кагып, муну саясий буйрутма катары баалады.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгон жана 2010-жылдан кийин улутташтырылган. Коомчулукта коттеждер арзан сатылганы айтылып, бул маселе жада калса Жогорку Кеңеште да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 37