• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Экология министрлигинде 100 млн сомдон ашуун каржылык тартип бузуу аныкталды 

28 Үчтүн айы 2024 16:17 Бишкек Govori.TV

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 100 млн 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Каржылык мыйзам бузуу 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында аныкталган.

Такталган карылык тартип бузуунун ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 11 млн 290,7 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 млн 459,8 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу –77 млн 288,0 миң сом,
  • мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар – 2 млн 949,6 миң сом.
Количество просмотров: 100