Баткен облусунда бир аптада 19 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган облуста 22-28-май аралыгында 1 миң 72 жол эреже бузуу аныкталган. Токтотулган унаалардын ичинен 48и айып аянтчасына коюлган.
Анын ичинен:
Мас абалында унаа башкаргандар — 19;
Айдоочулук күбөлүгү жана унаага тийиштүү докумменттери жок унаа айдагандар — 31;
Ылдамдыкты ашырып айдагандар — 156;
Алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандар — 1;
Баткендеги чек ара бекеттеринде 20дай кызматкер кармалганы кабарланды
Баткен облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «Кадамжай-автодорожный» жана «Чечме-автодорожный» өткөрүү пункттарында атайын …