• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Свердлов райондук прокуратурасы 30 мыйзам бузууну аныктады

25 Баш оона 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Свердлов райондук прокуратурасы жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүү жаатында 14 текшерүү жүргүзүп, 30 мыйзам бузууну аныктаган. Бул тууралуу райондук прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аларды четтетүү максатында 4 сунуштама, 9 талап жана 1 доо арыз келтирилип, 3 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Анын негизинде 2 млн 967 миң 691 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Алсак, жер мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Эмгек резерви» республикалык дене-тарбия спорт борборунун мөөнөтсүз пайдалануусундагы 1,74 га жер тилкесине ижара келишиминин мыйзамдуулугу текшерилген.

Текшерүүнүн жыйынытыгы менен аталган жер тилкеси мыйзамды одоно бузуу менен ижарага берилгендиги аныкталган. Белгиленген мыйзам талаптарын бузууларды четтетүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн ижара келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз келтирилип, бүгүнкү күндө Свердлов райондук сотунда кароодо турат.

Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 94