Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк районундагы кирпич заводдорунда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүздү.
Министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык нормаларды одоно бузуу фактылары аныкталып, бир нече ишканалардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.
Төмөнкү ишканалар текшерилген:
• ООО «Байтик Курулуш»
• ООО «Илина Групп»
• ООО «ЖКЗ»
• ООО «Ысык-Көл Дорстрой»
• ОКЗ ЖЧКсы
Жогоруда аталган 5 ишкана тең экологиялык талаптарды бузгандыгы аныкталып, тез арада чара көрүлгөн.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй айыптар салынды:
— «Байтик курулуш» ЖЧКсы, «ЖКЗ» ЖЧКсы, «Илина Групп» ЖЧКларына 17 000 сом айып салынды;
— «Ысык-Көл Дорстрой» ЖЧКсына жана «ОКЗ» ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу милдети менен 28 000 сом айып салынды.
Мындан тышкары, «Байтик курулуш», «Илина Групп», «ОКЗ» жана «Ысык-Көл Дорстрой» ишканаларынын иши сезондуу болгондуктан убактылуу токтотулган.
Белгиленгендей, буга чейин инспекторлор ишканаларга расмий эскертүүлөрдү берип, андан соң газ жабдыктарын тазалоочу системаларды орнотуп, жыйынтыгында абанын булганышы бир топ азайган.