Медербек Туманов экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Туманов Медербек Кубанычбекович 1989-жылдын 30-октябрында төрөлгөн.
2012-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын «финансы» адистиги боюнча аяктаган.
2017-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен «юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билим алган.
Ошондой эле Joint Vienna Institute (Австрия), APMG PPP Certification Program, PPP Expertise Eurasia, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы менен Финансы министрлиги уюштурган эл аралык жана улуттук курстарда квалификациясын жогорулаткан.