Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов учурда Таиландда өтүп жаткан муай-тай (тай боксу) турнирине катышууда. 45 жаштагы Шайлообек Атазовдун башкы атаандашы болуп Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болмокчу.
Алардын беттеши 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө болот. Турнир өзү муай-тай боюнча эл аралык бокс федерациясынын колдоосу астында өтүп жатат.
Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 2 чакырылышында депутат болгон.