• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Экс-мэрлер камакта калтырылды

20 Бугу 201913:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык соту борбордун экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин Ленин райондук соту Кулматов менен Ибраимовду УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Сот отурумунда жактоочу Сергей Слесарев ишти карап жаткан Ленин райондук сотунун судьялары мыйзам бузганын айтып берди. Анын айтымында, айыпталуучулар 1 айдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз камакта жатат. Буга байланыштуу жактоочу Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын жокко чыгаруу боюнча өтүнүч кат берди.

2-майда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин караган.

Жактоочулардын айтымында, айыпталуучуларды камактан чыгарса болот. Ал эми прокурорлор аларды камакта калтырууну суранган.

Количество просмотров: 20