• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Экс-мэрлердин камак мөөнөтү кийинки жылга чейин узартылды

4 Жетинин айы 2019 14:21 Бишкек Govori.TV

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 6-январына чейин узартылды. Бул тууралуу 4-ноябрдагы сот отурумунда маалым болду.

Белгилей кетсек, экс-мэрлер  сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышын актангысы келбегени, ансыз да баары белгилүү болуп калганы менен түшүндүрүшкөн.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Количество просмотров: 114