• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси акталды

4 Чын куран 202315:10 Бишкек Govori.TV

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту чыгарган.

«Ошондой эле соттун өкүмү менен ҮМБнын Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева толугу менен акталып, реабилитацияланды», — деди ал.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова өткөн жылдын 17-майында кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдары башталган. Кийин үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 114