• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

15 Аяк оона 2020 21:45 Бишкек Govori.TV

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чолпонбаев шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелүүдө.

«Шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. 15-сентябрында Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 249