• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-президент Роза Отунбаеванын апасы көз жумду

29 Кулжа 2020 9:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова 95 жашында көз жумду. Акыркы сапарга эртең, 30-июнда узатылат.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Таластагы Манас районунун Кеңеш айылында жарыкка келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайдан башталгыч класстардын мугалими адистигине ээ болгон. Андан кийин 10 жылдай убакыт Нарындагы Токтогул атындагы орто мектепте эмгектенген.

Жолдошунун кызматына байланыштуу Ошко жер которушуп, Терешкова атындагы мектеп-интернатта эмгектенүүнү уланткан. 1964-жылы Оштогу педагогикалык институтта биология факультетинде билим алып баштаган.

Бишкек шаарындагы №1 спорттук мектеп-интернатта 1967-жылдан тарта 1975-жылы пенсияга чыкканга чейин эмгектенди. Жубайлар 7 кыз, 1 уулду өстүрүп, баарын жогорку билимдүү кылышкан.

Количество просмотров: 171