• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Отунбаева: Улам кийинки келген бийлик өч алуу менен күчүн көрсөтүп жатат

5 Чын куран 2022 17:16 Бишкек Govori.TV

Улам кийинки келген бийлик өч алуу менен күчүн көрсөтүп жатат. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө оппозиция сөзсүз болуш керек.

«Биздин кыргыз саясаты жалаң ушул жигиттердин өчөшкөнү менен тирешкени. Качан ушул нерсени таштайсыңар? Силер баарыңар камчыны кармап тирешесиңер. Ким-кимди аттан оодарат дегендей эле. Улам кийинки келген бийлик өч алуу менен күчүн көрсөтүп жатат. Саясий эволюцияда биз көп жетишкендикке жеттик, бир топ нерсени багындырдык. Коңшу өлкөлөр жете албай жатат, алдыга оозуп кетиптирбиз. Демек, баалай билүү маанилүү. Ал эми оппозиция сөзсүз болуш керек»,-деди Отунбаева.

Количество просмотров: 1954