• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн кыргыздын кымбат кызынын туулган күнү

23 Баш оона 202410:46 Бишкек Govori.TV


Бүгүн Кыргызстандын мурдагы президенти, көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Роза Исаковна Отунбаева 74 жашка толду.

Роза Исаковна совет доорунан баштап Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен учурда жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап келди. Кыргызстанда соңку мезгилде болуп өткөн бардык саясий окуяларга активдүү катышты, таасир көрсөттү. Өткөөл мезгилдеги өлкө президенти катары тарыхта калуу менен, Кыргызстандын өзгөрүүсүнө өзгөчө салым кошту.

Президенттиктен кеткен соң, өз ысмында эл аралык фонд түзүп, өлкөнүн билим берүү тармагына жаңылыктарды киргизүү, жеткинчектерге заманбап билим берүү боюнча зор иштерди аркалап келүүдө.

Учурда Роза Отунбаева БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам берүү миссиясынын жетекчиси болуп иштеп жатат.

Бүгүнкү туулган күнүндө Роза Исаковнага бекем ден соолук, кажыбас кайрат, бардык аткарып жаткан иштеринин өтөлгөсүнө чыгуусун каалайбыз.

Количество просмотров: 239