• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Экс-президент Жээнбековдун агасы кызматтан алынды

25 Үчтүн айы 202219:43 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Шарипов Жусупбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Украинадагы, ишти айкалыштыруу боюнча Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын Жусупбек Шарипов аркалап жатат. Ал кызматка 2017-жылы дайындалган.

Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.

Количество просмотров: 369