Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кадыркулов Идрис Анарбекович Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Украинадагы элчи кызматына сунушталган. Анын талапкерлиги 24-январда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралып, колдоо тапкан эмес.