Кыргызстандын 3 млн 563 миң 574 жараны (2-январдагы маалымат боюнча) 10-январдагы президенттик шайлоого жана референдумга катыша алат.
Tizme порталындагы маалыматка караганда, шайлоочулардын арасында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев да бар. Ал Кыргызстандын Москвадагы элчилигиндеги №9001 шайлоо участогунда катталган.
Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде жок (Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга караганда, Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алган).
Экс-президент Роза Отунбаева Бишкек шаарында добуш берет. Ал №1215 шайлоо участогунда катталган (Шубин атындагы музыкалык мектеп).
Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы №1220 шайлоо участогунда катталган. Аталган участок УКМКнын имаратынын жанындагы №27 мектепте жайгашкан. Атамбаев учурда УКМКнын абагында кармалууда.
Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо участогунда добуш берет. Бул участок №5 гимназияда жайгашкан.
Булак: АКИpress