• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Экс-президенттин жардамчысы Толтоев Ош облусунун башчысынын орун басары болду

10 Баш оона 202215:16 Бишкек Govori.TV

Эрнис Толтоев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 10-августта ал жамаатка тааныштырылды.

Эрнист Толтоев 1986-жылы 15-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин «Электроника жана микроэлектроника» бөлүмүн аяктаган.

Количество просмотров: 124