• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эксперт Чоң-Алайдагы окуяны контрабандага көзөмөл кылуу аракети деп баалады

4 Кулжа 2021 16:30 Бишкек Govori.TV

Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун айтымында Чоң-Алайды көзөмөлдөгөн же колго алган тараптын болгон аткезчиликти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болот. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, Чоң-Алай аркылуу Кытайдан келген жүктөр Тажикстанга, Кыргызстанга жана Өзбекстанга өтөт.

«Мен чек ара аймагында жаралган жагдайда бир нерсеге көңүл бурат элем. Чоң-Алай Кытайдан Орто Азияга экинчи дарбаза болуп саналат. Биринчи эшик бул -Хоргос, кыргыз-казак чек арасындагы. Ал эми тажик аскерлеринин чогулуп жатканы ошол Кытайдан Орто Азияга болгон жолго ээлик кылуу аракети. Бул соода жолдоруна көзөмөл орнотуу. Чоң-Алайды ким ээлик кылса, ошол Кытайдан келген жүктөрдүн негизги бөлүгү жана контрабаны тескей алат. Бул аймакты көзөмөлдөгөн адам 7-8 айдын ичинде миллиардер боло алат», — деди Бактыгулов.

Ал белгилегендей, буга чейинки болгон пикир келишпестиктер да соода жолдоруна, агымына көзөмөл орнотуу аракети болгон.

«Тажик тарап аныкталбаган аймактарга кирип, өз көзөмөлүн орнотууга аракет кылып жатат, бул такыр туура эмес. Контейнер коюп, кыргыз жерине 1000 метр кирип келип, анан кайра 600 метр ары кетти деп жатышат, деген менен алар биздин жерге дагы 400 метр кирип келген болуп жатпайбы. Бул маселерди чечип, чек ара сызыктарын такташ керек. Андыктан коңшуларды күтпөй эле өзүбүз демилге кылып делимитация кылууга саясий эрк керек. Көрүп жатпайбызбы достук келишим дегенди тажик тарап тебелеп салды. Биз жаралган абалга реалдуу көз караш менен карообуз керек», — деп кошумчалады ал.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 4-июнда саат түнкү 3тө Тажикстан тарап Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр бери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган. Бир нече сааттан кийин алар орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтышкан. Саат 14кө карата абал туруктуу экени кабарланды.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын билдирди

Количество просмотров: 272