• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Экстремизмге чакырык жасоого» айыпталган активист алты жылга соттолду

29 Теке 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Душанбенин Сино райондук соту Орусиядан депортациялангандан кийин камакка алынган активист Шодруз Ахроровду алты жылга эркинен ажыратты. Ага «Интернет аркылуу экстремизмге чакырык жасаган» деген айып тагылган.

«Абдулло» деген каймана ысым менен YouTube-канал иштеткен 35 жаштагы Шодруз Ахроров Орусияда жүрүү эрежелерин бузганы үчүн быйыл март айында Тажикстанга депортацияланган. Төрт күндөн кийин милиция кызматкерлери аны Душанбедеги үйүнөн кармап кетишкен. Ахроров YouTube’дагы каналында мигранттардын көйгөйлөрүн көтөрүп, өкмөттүн бул багыттагы саясатын сынга алып келген.

Прокуратура менен Сино райондук соту соттолгон активисттин иши боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Ахроровдун III топтогу майып жубайы Жонона Табарова сот отуруму ачык өткөнүн, бирок күйөөсү адвокат менен камсыз болбогонун билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик айыптоо соттон Ахроровду жети жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Бирок сот анын аялы майып экенин жана үч баласы бар экенин эске алып, алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

«Шодруз үйдүн жалгыз багуучусу болчу. Азыр үч балам менен ата-энемдин үйүндө араң жан багып жатабыз. Күйөөмө чыккан өкүмү боюнча жогорку баскычка даттангым келет, бирок эч кандай пайда болбойт го деп ойлойм», – деди Табарова.

Акыркы бир нече жылдын ичинде Орусиядан ондогон тажик активисти мекенине депортацияланып, алардын көбү кармалып, айрымдары соттолуп кеткен.

Количество просмотров: 92