• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйланды

18 Теке 2023 10:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев тапшырган. Бул медаль акындын түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошуп жаткан жигердүү салымы үчүн ыйгарылган.

Кошумчалай кетсек, Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, КМШ мамлекеттеринин Чыңгыз Айтматов атындагы парламенттер аралык сыйлыгынын лауреаты.

Количество просмотров: 88