• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акын Шайлообек Дүйшеевге “Алтын Казынадан” орун жокпу?

22 Жетинин айы 2018 12:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.11.2018.Govori.TV

КРнын Эл акыны Ш. Дүйшеев өзүнүн «Агындылар» китебинен көркөм окуган эле. Аны алтын казынага кабыл алууга келгенде ар кайсы шылтоону айтып жаратышпады. Өзүнүн өмүрү, балалыктагы тарткан азап-тозоктору, жаш кездеги катачылыктары, ыр жазуунун купуя сырлары, бүгүнкү адабий процесс ж.б. тууралуу айтып берген сөздөрү жараксыз болуп чыкты.

“Алтын Казынабызда” Ш. Дүйшеевдин «бир грамм» үнү жок. Акын 70 жашка келди. Казынага аны менен болгон бир сааттык маекти кабыл алып койсок неге болбойт”,-деген пикирин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Ал эми КТРКнын жеткечиси Илим Карыпбеков бул маалыматты социалдык тармактардан окуганын айтып,үн катты.

«Бул маалыматты мен социалдык тармактардан жаңы эле билдим. Азыр териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жыйынтыгы боюнча сөзсүз билдирем. Шайлообек агайыбыз менен КТРК жамааты толугу менен сыймыктанат. Эмне болуп кеткенин териштиребиз сөзсүз”,-деди.

Количество просмотров: 18