• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Эл үмүтүнүн» шайлоо фондуна байланыштуу БШКга арыз түшө элек

8 Жетинин айы 2021 17:07 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрдагы саясий жарышка катышып жаткан «Эл үмүтү» партиясынын шайлоо фондуна байланыштуу арыз түшө элек. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Мунун алдында «Эл үмүтү» партиясынын тизмесинде парламентке аттанып жаткан талапкер Канышай Ырысбек кызы ага атын атабаган адам колдоо иретинде 500 миң сом каражат которгонун социалдык тармактарга жазган. Бул каражат партиянын жалпы эсебине которуларын айткан.

«Кечээ бейтааныш адамдар мени колдоп акча берип жиберишиптир. Бул акчаларды “Эл үмүтүнүн” жалпы эсебине которууну чечтим,» — деген ал.

Бул социалдык тармактарда талкууга алынып, анонимдүү булактардан берилген каражатты партиянын фондуна которуу мыйзамга туура келбесин жазышкан. Маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин Канышай Ырысбек кызы өзүнө келген каражат тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, каражатты ага жакшы тааныган агасы бергенин, бирок аны алуу мыйзамга каршы келгендиктен кайра кайтарып бергенин айткан. Ошондой эле, үй алуу үчүн чогулткан 420 миң сомун партиянын фондуна которгонун кошумчалаган.

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Канышай Ырысбек кызы 1-2-ноябрь күндөрү партиянын эсебине эки бөлүп 840 миң сом которгону көрсөтүлүп турат. Ырысбек кызы болгону 420 миң сом гана которгонун билдирген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 73