«Эл үмүтү» стипендиясы менен 30 кыргызстандыктын окуусу каржыланат (тизме)
«Эл үмүтү» стипендиясы менен 30 кыргызстандыктын окуусу каржыланат (тизме)
15 Аяк оона 202512:21 Бишкек Govori.TV
Республикалык комиссия 2025-2026-окуу жылына КР президентинин «Эл үмүтү» программасы боюнча 30 жаңы стипендияны бекитти. Анын жалпы суммасы 87 млн сомдон ашты.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-2026-окуу жылына президенттин «Эл үмүтү» стипендиясы үчүн республикалык комиссия тарабынан 1-курстун студенттерине 18, 2-курстун студенттерине 12 стипендия бекитилди. Жалпы суммасы 87 млн 008 миң 603 сомду түзүп, ага транспорт жана жатаканага бөлүнгөн каражаттар да кошулган.
КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө салым кошо ала турган, экономиканын, илимдин, саламаттык сактоонун жана мамлекеттик башкаруунун негизги тармактарына заманбап билимдердин жана инновациялардын агымын камсыз кылуучу, ошондой эле өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жөндөмдүү кесипкөйлөрдүн жаңы муунун калыптандыруу максатында Кыргызстандын эң таланттуу жаштарына ыйгарылат.
Стипендия магистратура жана докторантура PhD деңгээлинде чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алууга шарт түзөт. Бул окуу жайлар QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине жана билим берүү программаларына кирет.
Программа 4-жыл катары менен ишке ашырылып келе жатат. Биринчи кабыл алуу 2022-2023-окуу жылында жүргүзүлгөн. Ар бир стипендиат Кыргызстандын президентинин фондунан жылына 50 миң долларга чейин каржыланат.
https://umut.edu.gov.kg/ веб порталга жалпы 87 адам катталган, алардын ичинен 48 арыз талаптарга жооп бербейт (талапкерлер веб-порталга документтерди таптакыр жүктөбөгөн, билим берүү уюмунан кабыл алынганы тууралуу тастыктоо жок, топ-100 рейтингиндеги ЖОЖдорго жана программаларга кирбейт, илимий-изилдөө иштерине тиешелүү документтери жок, дипломдор берилген эмес).
87 талапкердин ичинен Республикалык комиссиянын кароосуна 39 арыз жөнөтүлгөн (алардын ичинен 12 – экинчи окуу жылы, 27 – биринчи окуу жылы).
Тыкыр тандоонун жыйынтыгында Республикалык комиссия 39 талапкердин ичинен: • 18 стипендияны – 1-окуу жылына; • 12 стипендияны – 2-окуу жылына бекиткен.
9 талапкердин арызы четке кагылган.
Жыйынтыгында комиссия 30 стипендияны бекитти.
Республикалык комиссиянын кароосунун жыйынтыгында 2025-2026-окуу жылына төмөнкү стипендиаттар бекитилди:
Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, PhD «Фармацевтикалык илимдер».
Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт университети (Берлин), PhD «Фольклористика».
Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна – Бирмингем университети (Дубай), магистратура «Жасалма интеллект жана компьютердик илим».
Абдыкадырова Света Бакытбековна – Рейнско-Вестфаль техникалык университети (Ахен, Германия), магистратура «Колдонмо жер илимдери», адистик «Эсептик геология жана геофизика».
Бахавадинов Эркебай Жайнакбаевич – Сидней технологиялык университети (Австралия), магистратура «Маалымат илими жана инновациялар», адистик «Ири маалыматтарды башкаруу».
Камчыбеков Атай Максатович – Пердью университети (АКШ), магистратура «Бизнес-аналитика жана маалыматты башкаруу».
Курманалиева Айжан Кокумбаевна – Гарвард университети (АКШ), магистратура «Юриспруденция».
Султанбаев Атай Орозмамбетович – Пенсильвания штатынын университети (АКШ), магистратура «Мыйзам жана мамлекеттик саясат».
Сыргак кызы Зарена – Лондон университети (Улуу Британия), магистратура «Медициналык антропология жана психикалык саламаттык».
Акылбеков Азамат Искакович – Копенгаген университети (Дания), PhD, саламаттык сактоо жана медициналык илимдер факультети, коомдук саламаттык кафедрасы.
Мадемилов Маамед Жолдошбекович – Копенгаген университети (Дания), PhD, саламаттык сактоо жана медициналык илимдер факультети, коомдук саламаттык кафедрасы.