Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына, менчик формасына карабастан, окуу сабактарын жана өндүрүштүк практиканы калтыргандыгы үчүн студенттерден акчалай айып пул өндүрүү практикасын токтотууну сунуштады.
Маалыматта айтылгандай, бул сунуш билим алуучулардын укуктарын камсыз кылуу, окуу тартибине карата адилеттүү жана бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө негизсиз каржылык жаза колдонууга жол бербөө максатында берилди.
Министрлик колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, акчалай санкцияларга байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонуу сунуштайт.
Бул демилгени ишке ашыруунун алкагында Министрлик жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти демилгелемекчи.