• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Элчи: Украинада кырдаал курч бойдон калууда

11 Тогуздун айы 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Азыркы учурда Украинада кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

«Азыркы учурда кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Биздин элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар, Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын толук аткарып жатат. Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда. Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам — өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар!»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 160